Жеке маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана берүү боюнча макулдук

ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ЧОГУЛТУУГА, ИШТЕТҮҮГӨ ЖАНА БЕРҮҮГӨ МАКУЛДУК

Укуктук негиз жана жеке маалыматтардын категориялары

Ушуну менен мен Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, эркин, аң-сезимдүү жана өз каалоом менен «Форевер Ливинг Продактс КР» ЖЧКсына, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Раззаков көч., 33-2 («Компания»), менин жеке маалыматтарымды чогултууга, иштетүүгө, сактоого, пайдаланууга, үчүнчү жактарга берүүгө жана трансчегаралык берүүгө макулдугумду берем. Мен иштетүүгө макулдук берген жеке маалыматтарга төмөнкүлөр кирет: фамилиясы, аты, атасынын аты; туулган күнү; жашаган жери; телефон номери; электрондук почта дареги; инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; ошондой эле каттоодон өтүүдө, буйрутма берүүдө, товарларды аралыктан сатуу-сатып алуу келишимин жана/же Дистрибьютордук келишимди түзүүдө мен көрсөткөн башка маалыматтар.

Жеке маалыматтарды иштетүүнүн максаттары жана көлөмү

Мен жеке маалыматтарымды төмөнкү максаттарда иштетүүгө макулдугумду берем: www.flpkgz.com сайтында менин учеттук жазуумду каттоо; товарларды аралыктан сатуу-сатып алуу келишимин жана/же Дистрибьютордук келишимди аткаруу; буйрутмаларды иштеп чыгуу жана жеткирүү; кардарларды колдоо кызматын көрсөтүү; эгер мындай маалымат берүү мыйзамдарга жана/же мен тандаган жөндөөлөргө ылайык жол берилсе, Компаниянын продукциялары, сервистери, акциялары жана маркетингдик иш-чаралары жөнүндө маалымат алуу; көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында Компания тарабынан аудит жана ички изилдөөлөрдү жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу. Ушул макулдук жеке маалыматтар менен төмөнкү аракеттерди жүргүзүүгө жайылтылат: чогултуу, жазуу, сактоо, системалаштыруу, актуалдаштыруу, тактоо, пайдалануу, берүү, анын ичинде трансчегаралык берүү, ээсиздендирүү, бөгөт коюу, өчүрүү жана жок кылуу. Менин жеке маалыматтарым Forever Living Products бөлүмдөрүнө, ошондой эле Компаниянын ыйгарым укуктуу өнөктөштөрүнө, агенттерине жана кызмат көрсөтүүчүлөрүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга, келишимди аткаруу, буйрутмаларды иштеп чыгуу, кызмат көрсөтүү, кардарларды колдоо жана мыйзам талаптарын аткаруу максаттарында гана берилиши мүмкүн. Компания менин жеке маалыматтарымды үчүнчү жактарга сатпайт. Жеке маалыматтарды берүү ушул макулдукта, Компаниянын Жеке маалыматтарды пайдалануу тартиби жөнүндө билдирүүсүндө, келишимде жана колдонулуучу мыйзамдарда каралган учурларда гана жүзөгө ашырылат.

Макулдуктун жарактуулук мөөнөтү жана аны кайтарып алуу

Ушул макулдук менин Компаниядагы учеттук жазуумдун жана/же уникалдуу идентификациялык номеримдин жарактуулук мөөнөтү ичинде күчүндө болот. Ошондой эле макулдук Компаниянын келишимдик, юридикалык жана башка мыйзамдуу милдеттенмелерин аткаруу, мыйзам талаптарын жана жазууларды сактоо эрежелерин сактоо үчүн зарыл болгон мөөнөт ичинде колдонулат. Мен ушул макулдукту Компаниянын дарегине же Компаниянын электрондук почта дарегине жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү аркылуу кайтарып ала ала тургандыгым жөнүндө кабардармын. Макулдук кайтарып алынган учурда Компания менин жеке маалыматтарымды иштетүүнү токтотот, мыйзам талаптарын сактоо, келишимдик милдеттенмелерди аткаруу, Компаниянын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле Компаниянын тиешелүү коммерциялык, финансылык жана башка жазууларын жүргүзүү жана сактоо үчүн мындан ары иштетүү же сактоо зарыл болгон учурларды кошпогондо.

Макулдукту ырастоо

Менин макулдугумду ырастоо болуп www.flpkgz.com сайтында өз ыктыярым менен каттоодон өтүшүм, интернет-дүкөндө буйрутма тариздешим, сайттагы тиешелүү макулдук талаасын тандоом жана/же келишимге жеке кол коюум эсептелет.

Конфиденциалдуулук саясаты менен таанышуу

«Улантуу» баскычын басуу же биздин сайтты колдонууну улантуу менен, сиз cookies маалыматтарын сактоого макул экениңизди тастыктайсыз. Бул тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн, биздин конфиденциалдуулук саясаты менен таанышсаңыз болотКонфиденциалдуулук